7-апрель боюнча сот отуруму адвокаттын Жогорку сотко арызданганынан улам жылды

2010-жылдын 7-апрель окуялары боюнча сот отуруму Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин “Альфа” атайын бөлүмүнүн айыпталуучуларынын кызыкчылыгын коргогон адвокат Абдыкерим Ашировдун Жогорку сотко арызданганын улам жылдырылды. Бул тууралуу башка адвокат Евгений Коняшин “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча сот отуруму авдокат Ашировдун Аскер сотуна ишти кайтадан тергөө боюнча жазган арызынын негизинде токтотулду. Сот арызды карап талаптын негизделбегендигин айтып, анын өтүнүчүнөн баш тарткан.

“Ушуга байланыштуу, өткөн жуманын аягында бардык адвокаттар 19-ноябрда сот болору тууралуу маалымдар болушкан”, - дейт Коняшин.

Бирок, Аширов Жогорку сотко ишти баштан тергөө боюнча көзөмөл арыз жөнөткөндүгү бүгүн белгилүү болгонун ал кошумчалады. Андыктан сот Ашировдун арызын Жогорку сот караганга чейин сот отурумун жылдырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД