Жаш шахматчы Тагир Таалайбеков дүйнөлүк чемпионатта 60-орунду ээледи

Кыргызстандык шахматчылар Словенияда 18 жашка чейинки улан-кыздар арасында өткөн дүйнөлүк чемпионатка катышты.

Мелдештин расмий сайты билдиргендей, кыргызстандык шахматчылар арасында жакшы жыйынтык көргөзгөн Тагир Таалайбеков болду. Ал 14 жашка чейинки жаш категориясы боюнча ат салышып, 174 оюнчунун ичинен 60-орунду алды. Ал 11 турдун төртөөнү жеңип, төртөөнөн тең чыгып, үч оюнду уттуруп ийген. Ушул эле жаш категориясы боюнча Чынгыз Исаев 85-орунду ээлеген.

18 жашка чейинки жаш категориясы боюнча Бакай Эсенбек уулу 116 оюнчунун арасынан 78-орунга татыган. Ал эми 8 жашка чейинки жаш категориясында Алмаз Съездбеков 73-орун, Руслан Съездбеков (10 жашка чейин) 115-орунду жана 12 жашка чейинки жаш категориясы боюнча Актилек Тейитбеков 168-орунду ээлеген.

12 жашка чейинки кыздар арасындагы мелдеште Шахнази Мусаева 127 катышуучунун арасынан 80-орунду ээледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД