Социалдык фонд: Ардагерлердин 32 пайызы шаарларда жашайт

2012-жылы шарада жашаган ардагерлер 32 пайыз, ал эми айыл жеринде жашагандар 68 пайызды түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын пенсиялык системасынын азыркы абалы жана перспективасын талкуулоо учурунда Социалдык фонддун төрага орун басары Теңизбек Абжапаров билдирди.

Анын айтымында, пенсия 2008-жылдан бери көбөйүп келет. Үч жыл мурда орточо пенсия 1 426 сом болсо, 2003-жылы – 2 111, 2010-жылы – 2 800, 2011-жылы – 3 760 жана 2012-жылы – 4 270 сомду түзгөн.

Абжапаров 2012-жылы пенсия жашоо минимумду 105 пайызга жапканын айтты. 2008-жылы бул болгону 45 пайызды гана түзгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД