Үч жылда Социалдык фонддун чыгымы үч эсеге көбөйгөн

Үч жылда Социалдык фонддун чыгымы үч эсеге көбөйгөн. Мындай маалыматты Кыргызстандын пенсиялык системасынын азыркы абалы жана перспективасын талкуулоо учурунда Социалдык фонддун төрага орун басары Теңизбек Абжапаров билдирди.

Анын айтымында, 2008-жылы Социалдык фонддун киреше бөлүгү ИДПга карата 7,3 пайызды түзгөн. “2012-жылы киреше бөлүгү 30 млрд 466 млн сомду түзгөн же ИДПга карата 10 пайызды түзгөн. Ошол эле учурда 2008-жылы чыгаша бөлүгү 9 млрд 358 млн сом болгон, же ИДПга карата 5,1 пайыз”, - деди Абжапаров.

2012-жылы Социалдык фонддук чыгаша бөлүгү 30 млрд 431 млн сомду түзгөн, же Кыргызстындын ИДПсына караганда 10 пайызда түзөт. Үч жыл ичиндеги көрсөткүч боюнча ал үч эсеге көбөйгөн. Ошол эле учурда чыгашанын көпчүлүк бөлүгү пенсия төлөөгө кетет. Ал 28 млрд 990 млн сом.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД