Дамира Ниязалиева: Кыргызстанда мамлекеттик эмес пенсиялык фонд түзүү керек

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандагы пенсиялык системанын азыркы абалы жана перспективасын талкуулоо жүрүүдө. Жогорку Кеңештеги Социалдык саясат комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиева бүгүнкү күнү пенсиянын өлчөмү түздөн түз эмгек салымына байланыштуу экенин жана пенсиянын деңгээли дагы деле болсо жетиштүү эместигин белгиледи.

Ошондой эле дупутаттын оюнча мамлекеттин маанилүү милдети пенсиялык чогулумдарды рационалдуу пайдалуу болуп саналат.

“Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор керек. Азыркы учурда Кыргызстанда мындай фонддон бирөө гана. Дыйкан-фермелер дайыма төлөмдөрдү төлөп турбагандыктан алар корголбой калууда”, - деди Ниязалиева.

Депутат пенсияны чогултуу системасына азыр өтө кылдат мамиле кылуу керектигин белигеледи. Мисал катары Орусия менен Казакстанды келтирди. Ал жакта “финансылык каатчылык чогулумду жеп кеткен”, жыйынтыгында жарандардын системага болгон ишеничи төмөндөгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД