Ардагерлердин 60 пайыздан ашыгы жашоо минимумунан аз пенсия алышат

60 пайыздан ашык ардагерлер жашоо минимумунан аз пенсия алышат. Бул тууралуу 19-ноябрда Социалдык фонд төрагасынын орун басары Теңизбек Абжапаров билдирди.

Ал Социалдык фонддун иши жакшы көрсөткүчтө болгонуна карабастан учурда бир катар көйгөйлөр дагы деле бар экенин белгиледи.

“Ардагерлердин 67 пайызы пенсионердин жашоо минимумунан аз пенсия алышат. Болгону 33 пайыз гана ардагер жашоо минимумунан жогору пенсия алат”, - деди ал.

Абжапаров учурдагы пенсияны төлөө эрежеси пенсияны белгилөөдө камсыздандаруу принцибин күчтөндүрүүнү талап кылаарын кошумчалады.

“Учурдагы системада дагы деле болсо шаар тургундарынын айылдыктарды камсыздоосу, ал эми организациялык сектордо иштегендер – формалдуу эмес секторду камсыздоосу сыяктуу кайтадан бөлүштүрүү учурлары бар”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД