Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинде иштегендердин айлыгын көбөйтүү керек

Оппозициялык “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошова Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинде иштегендердин айлыгын көтөрүүнү талап кылды. Ал мындай билдирүүнү Жогорку Кеңештин эларалык иштер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, коңшу мамлекеттеги Кыргызстандын элчилигинде иштегендерден алардын айлык маянасы аздыгы боюнча арыздар түшкөн. “Биздин Өзбекстан менен болгон мамилебиз жакшы болбогону аз келгенсип, биздин элчиликте иштеген кызматкерлердин да айлыгы төмөн. Аны көтөрүү керек”, - деди Жолдошова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД