Жогорку Кеңештин профилдик комитети 2013-жылдын бюджетин жактырды

Жогорку Кеңештин эларалык иштер боюнча комитети 2013-жылдын бюджети жана 2014-2015-жылдарга карата болжол жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырды. Мындай чечим бүгүн комитеттин жыйынында кабыл алынды.

Эскертсек, аталган мыйзам долбоорун комитет мүчөлөрү өткөн жумада катуу сынга алып, кайра иштеп келүүгө жиберген. Бүгүн ал мыйзам долбоору эскертүү жана толуктоолорду эске алуу менен жактырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД