БШК: Жаңы конуштун 80 миң тургуну Бишкекте добуш бере алышпайт

Шаардык каттоосу болбогондуктан 80 миң тургун Бишкекте добуш бере алышпайт. Бул тууралуу Боршайкомдун төрагасы Туйгунаалы Абдраимов “ВБ”га берген маегинде билдирди.

Ал тургундар добуш берүү укугунан ажырабаганын белгиледи. Алар болгону каттоого турган жеринен; айыл, шаардан добуш бере ала турганын кошумчалады.

“Эгер жарандар Бишкекте каттоосу жок бир нече жылдан бери жашап аткан болсо, анда ал алардын көйгөйү. Жарандардын укугунан башка дагы милдети болушу керек. Эгер жаран Бишкекте добуш берүүнү кааласа ал мурун эле каттоосун тактамак”, - деди Абдраимов.

Эске салсак, 25-ноябрда 25 шаарда жана 416 айылдык округда жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД