Республика боюнча 23 миң жасалма паспорт табылды

Республика боюнча пин-коддору туура эмес 23 миң жасалма паспорт табылды. Бул тууралуу бүгүн Боршайкомдун төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирди.

Анын айтымында, учурда атайын кызмат бул паспорттор боюнча иш алып барууда.

Ал ошондой эле мынча көлөмдөгү жасалма паспорт бир нече жылдын ичинде пайда болгонун жана Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) боло турчу жергиликтүү кеңештерге шайлоо маалында гана текшерүүгө алып баштаганын кошумчалады.

Эскертсек, 25-ноябрда 25 шаарда жана 416 айыл округунда жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД