Туйгунаалы Абдраимов: БШК 30 млн сомдон ашык каражатты үнөмдөйт

Жергиликтүү кеңешке болгон шайлоодо БШК 30 млн сомдон ашык каражатты үнөмдөй турганын Боршайкомдун төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирди.

Ал шайлоону өткөрүү үчүн Финансы министрлиги БШКга 168 млн сом бөлгөнүн белгиледи.

“Биз бардык шайлоо участкаларын керектүү жабдыктар менен камсыздадык жана казынага 30 млн сомдон ашык каражатты кайтарып беребиз деп үмүттөнүп атабыз”, - деди Абдраимов.

Ал “Учкун” жана “Континент” басмаканалары шайлоо бюллетендерин басууда БШКга жеңилдик жасагандыгынын улам үнөмдөө боло турганын белгиледи.

Эскертсек, 25-ноябрда 25 шаарда жана 416 айыл округунда жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД