Жааган кар шаардыктарга бир топ түйшүк жаратты

Жааган кар шаар тургундарына бир топ түйшүк жаратты. Кардын жаашы шаардын бардык коомуналдык кызматын ордунан козгоду. Синоптиктер дагы кар жаай турганын жана дароо суук болорун эскертүүдө. Бирок азыр эле кыштын кирип келгенин шаардыктардын маанайынан байкоого болот. Аялдамада автобус, маршрутка күткөн кишилердин саны өстү. “Темир тулпардын” ээлери жайкы дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөккө алмаштырышууда. Таштанды челектердин айланасында тамак издеген селсаяктардын көбөйүшү да кыштын келгенинен бир кабар берет. Ошондой эле жол жээгинде соода кылгандар да соодасыз калды. Мындай аба ырайында баардыгы эле көчөгө чыга бербейт.

Бир гана кардын жаашына сүйүнгөн бул – балдар. Анткени, алдыдады каникул жана Жаңы Жыл.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД