ИИМ Академиясы каза болгон курсант үчүн “тез жардамды” чакырган эмес

ИИМ Академиясы маалыматтын тарап кетишинен коркуп каза болгон курсант үчүн “тез жардамды” чакырган эмес. Бул тууралуу акыйкатчы Турсунбек Акун Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 2012-жылдын 23-октябрында ИИМ Академиясынын 5-курсунда окуган Нурлан Ниязбаевдин каза болгонун аныктоо үчүн комиссия түзүлгөн.

“Акыркы нөөмөткө чыгуу убагында каза болгон Ниязбеков, Жусупбек уулу Кылычбек жана Нарынбек Сопуев спирт ичимдигин ичишкен. Эртең менен Ниязбаевди башка курсанттар көчөдөн табышкан. Андыктан ал терезеден кулап түшүшү мүмкүн деген версия пайда болгон. Бирок, академиянын нөөмөтүндө тургандар “тез жардамды” чакырышкан эмес. Эгер чакырганда Ниязбаев тирүү калмак”, - деди Турсунбек Акун.

Ал ошондой эле курсанттарды түн ортосунда текшергенде бир да жетекчи алардын мас экенин байкашпагындыгын кошумчалады.

Андыктан аталган окуя боюнча Турсунбек Акун ИИМ башчысынын алдына академиянын жетекчилигин дициплинардык жээпкерчиликке тартуу маселесин коюуну чечти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД