Орусияда кыргызстандыктар тарабынан ташталган 5 бала Бишкекке алынып келди

Өткөн жума күнү, 16-ноябрда кароосуз калган Кыргызстандын 5 кичинекей жараны Орусиядан учак менен Бишкекке алынып келди. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, репатриация Социалдык өнүктүрүү жана Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан ишке ашкан.

Белгиленгендей 5 айдан эки жарым жашка чейинки балдарды алгач Эне жана баланы коргоо борборунун врачтары текшерип, андан соң аларды Токмоктогу балдар үйүнө бөлүштү.

Буга чейин маалымдалгандай 2011-жылы Москвадага балдар үйүнөн ата-энеси карабай кеткен 20 бала алынып келинген. Балдарды алып келүү КР өкмөтүнүн резервдик фондунан бөлүнгөн каражат менен ишке ашууда.

Учурда Социалдык өнүктүрүү министрлиги ымыркайлардын биологиялык үй-бүлөлөрүн издөөдө, деп айтылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД