Бишкектин көчөлөрүнө эки тоннадан ашык кум чачылат

Борбор калаанын көчөлөрүнө 2 343 тонна кум жана 154 тонна туз чачуу үчүн алынып келинди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басмасөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай кышындагы механикалык тазалоо иштери күндүзү жол кыймылына тоскоолдук жаратпаш үчүн көбүнчө түн ичинде жүрөт. Машина жүргөн көчөлөрдөгү кардын калыңдыгы 5 см болгондо механикалдык тазалоо башталат. Ошондой эле жолдун машина жүргөн бөлүгүнө кол менен кум чачуу иштери да жүрүүдө. Бул ишке муниципалдык “Тазалык” мекемесинин 90 жумушчусу тартылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД