Соттолгондордун мэрликке жана айыл өкмөт башчылыгына ат салышуусуна тыюу салынат

Боршайком мурда соттолгондорго мэрликке жана айыл өкмө бачылыгына ат салышууга тыюу салды. Мындай чечимди БШКнын кезектеги жыйынында анын мүчөлөрү кабыл алды.

БШК аппаратынын жетекчиси Марат Султанов мындай аракет жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын башчылырына болгон талапты жогорулатуу үчүн жасалып атканын “ВБ”га билдирди.

Белгилей кетсек, бул маселе жергиликтүү кеңеш депутаттарына тийиштүү эмес. Эгер депутат соттолгон болсо, анын сот мөөнөтү аякташы керек.

Эскертсек, 25-ноябрда 25 шаарда жана 416 айылдык округда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД