Бишкектин Волкова көчөсүндөгү үйдө өрт чыкты

Бишкектин Волкова көчөсүндөгү үйдө чыккан өрттү өрт өчүрүүчүлөр өчүрдү. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор билдирди.

Алтынчы бөлүктүн өрт өчүрүүчүлөрү келгенге чейин өрт имараттын бардык чатырын каптоого жетишкен. Күйгөн жердин жалпы аянты 100 чарчы метрди түздү. Тилсиз жоонун алдын алуу үчүн өрт өчүргүчтөргө бир сааттан ашык убакыт талап кылынды.

Өрттүн чыгышына колго жасалган плитка себеп болушу мүмкүн. Ал менен жашоочулар үйдү жылытышкан. Адам өлүмү катталган жок.

Бир сутка ичинде Бишкекте бир гана өрт катталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД