“Орок” жаңы конушунан кишини өлтүрүп кетишти

“Орок” жаңы конушунда адам өлтүрүү катталды. Бул тууралуу укук коргоо органынындагы жеке булак “ВБ”га билдирди.

Маалыматка ылайык, конуштагы үйлөрдүн биринде 42 жаштагы эркек адамдын сөөгү табылган. Алдын ала маалымат боюнча өлүмдүн себеби көкүрөт тушка бир нече жолу урулган сокку болгон.

Кылмыш иликтөө кызматкерлери маркумдун өздүгүн дароо эле аныкташкан.

Кызматкерлер өлтүргөн адамды издешүүдө. Биринчи кезекте ал кимдер менен катышкандыгын аныктоо кажет. Укук коргоочулар кылмыш иши турмуштук чатакташуудан улам келип чыгышы мүмкүн деп болжошууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД