Талды-Булак сол жээк кениндеги жумушчу орундун жарымы кытайларга берилет

Талды-Булак сол жээк алтын кенинде кытай жумушчулары үчүн квота аныкталды.

Кендеги курулуш иштери үчүн жумушчу орундарды жергиликтүү тургундар жана КЭРден келген жумушчулар арасында 50/50 болуп бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусу боюнча атайын өкүлү Айбек Азыранкулов “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, кенге жакын жайгашкан Орловка шаарында абал туруктуу. Жакынкы калк пунктарында коомдук угуу өттү.

Ал Орловканын тургундары менен Кытай жарандары ортосундагы чатакты чечүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын иши аяктары менен кендеги иштер дароо башталарын билдирди. Учурда кендеги экологиялык жана техникалык чараны аткаруу кандай жүрүп атканы текшерилүүдө. Компаниянын ишмердигин текшерүү качан аяктары белгисиз.

Эске салсак, 24-октябрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен чыңалган абалды чечүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына “Кыргызалтын” ААКынан, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттиги жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча маминспекциясынын өкүлдөрү кирген.

21-октябрда Талды-Булак сол жээк кенинде 5 кыргызстандык жумушчу ур-токмокко алынган. Райондук ооруканага болгону 4 адам гана кайрылганын жана аларбаш сөөгүнөн жарат алганын тастыктаган.

22-октябрда 450дөй жергиликтүү тургун Орловкада митингге чыгып, кенге барчу жолду тосуп, кытайлык Zijin Mining компаниясынын ишин токтотуусун талап кылышкан. Ошол эле күнү кытайдын бардык жарандарын коңшу районго алып кетишкен. Бардык иштер убактылуу токтотулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД