Чек араны коргоодо укук коргоо органдарын кошуу каралууда

Келекчекте Кыргызстандын чек арасын колуна автомат кармаган аскерлер гана эмес, укук коргоо органдары менен жарандар да коргошу керек. Бул тууралуу Улуттук стратегияны түзүү жана Кыргызстандын чек арасын башкарууда комплекстүү системаны киргизүү менен 2022-жылга чейинки планды ишке ашыруу боюнча конференцияда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.

Анын айтымында, чек араны комплекстүү түрдө кайтаруу керек. Демек, кайтарууга фитосанитардык жана бажы кызматы, укук коргоо органдары да катышуусу керек.

Тийиштүү долбоорду өкмөт да карап чыгуусу кажет, дейт ал. “Эларалык тажрыйба көргөзгөндөй, мамлекеттик чек араны коргоодо полициялык ыкма арзан”, - деди Сарпашев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД