Кыргызстанда турсезон-2013кө даярдык башталды

Бүгүн Бишкекте Кыргызстан туроператорлор ассоцияциясынын демилгеси менен уюшулган “Турсезон-2013кө даярдык” аттуу тегерек стол өтүүдө.

Туризм бизнесинин өкүлдөрү туризмди өнүктүрүүгө жолтоо болуп аткан көйгөйлөрдү талкуулашууда. Тегерек столго чет элдик туристтердин өлкөгө келишине жолтоо болгон көйгөйлөрдү чечүүдө түздөн-түз таасири болгон бардык профилдик министрликтер менен ведомствонун өкүлдөрү чакырылган.

Тегерек столдун катышуучулары негизинен чек арадын өтүүдө уруксат алуу, кошумча өткөрмө пунктарын ачуу, эл аралык туристик көргөзмөлөрдү уюштурууда элчиликтин жардам берүүсү жана Кыргызстандын номери менен Казакстандын аймагында жүрүү боюнча маселелерди талкуулашат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД