Турсунбай Бакир уулу: Фармацевтикалык компаниялар инсулунду арзан алышууда

“Инсулинди арзан сатып алууга аракет кылган фармацевтикалык компанияларга жол бербеш керек”, - деп Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу билдирди. Ал “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамга толуктоо киргизүү керектигин сунуштады.

Депутаттын билдиришинче, баанын арзандыгы инсулинди сатып алууда чечүүчү фактор болбошу керек. “Сөз өмүр боюу инсулинге муктаж болгон кант диабети менен ооругандар тууралуу болууда”, - дейт арнамысчы.

Анын айтымында, инсулин алып келүү боюнча жарыяланган тендерде негизги басым сапатына эмес, баасына коюлуп атат. “Бул туура эмес. Андыктан биз тигил же бул дарыны арзан сатып алууда анын мөөнөтү өтүп кеткендигин жана оорулууга зыян алып келиши мүмкүндүгүн ойлонбой атабыз”, - деп белгиледи Бакир уулу.

Эл өкүлү сунуш кылынган толуктоо менен препараттарды сатып алуу боюнча тендердин шартын өзгөртүүнү сунуштады. Комитет демилгени колдоого алды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД