Кыргызстандын бажычылары чаташтырбоо үчүн униформасын алмаштырат

Кыргызстандын бажычылары аларды Чек ара аскерлигинин кызматкерлери менен чаташтыргандыктан кийим формасын алмаштырышат. Бул тууралуу Улуттук стратегияны түзүү жана Кыргызстандын чек арасын башкарууда комплекстүү системаны киргизүү менен 2022-жылга чейинки планды ишке ашыруу боюнча конференцияда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Замир Малабеков билдирди.

Анын айтымында, чек арада бажы кызматынын кызматкерлерин чек ара аскерлигинин кызматкерлери менен дайыма чаташтыргандыктан, мекеме формалык кийимди алмаштырууну чечишкен. “Бардык тендер өткөрүлдү. Жакын арада бажычылар башка күч түзүмдөрүнүн формасынан айырмаланган форманы кийишет”, - дейт Малабеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД