Кыргызстанда 2012-жылы балдарга карата 951 кылмыш жасалган

2012-жылдын 9 айында Кыргызстанда балдарга карата 951 кылмыш жасалган. Ички иштер министрлигинин мындай маалыматын “Балдардын укугун коргоо лигасы” коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова маалымат жыйында билдирди.

Ал мэриянын алдында атайын кызмат иштей турганын белгилеп, ага Балдарга жардам борбору, балдардын ишеним телефону, төрт райондук мобилдик командасы кире турганын кошумчалады. “Күчкө салып, зордоого кабылган балдар үчүн ишеним телефону (0312) 54-29-34”, - деди Турдубекова.

ИИББ коомдук коопсуздук бөлүмүнүн ага инспектору Жамил Талканбаевдин айтымында, 2012-жылдын 9 айында жашы жетеклектерди зордуктоо боюнча 28 факты катталган.

Балдарга жардам борборунун директору Динара Давлетбаеванын айтымында, борборго бир жылда 200дөн ашык арыз келип түшкөн. Кордоодон запкы жеген 220дан ашык балага жардам көрсөтүлгөн.

Эскертсек, 20-ноябрь Кыргызстандын БУУнун балдардын укугу жөнүндө конвенциясына кол койгон күнү катары белгиленип келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД