Феликс Кулов: Биз оппозицияга кетүүгө даярданган жокпуз

“Биз оппозицияга кетүүгө даярданган жокпуз. Бул мыйзамды биз өзүбүз үчүн эмес, мамлекетте оппозициянын нормалдуу ишмердиги үчүн кабыл алуудабыз”, - деп “Оппозициялык ишмердик жөнүндөгү” мыйзам долбоорунун демилгечиси “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Феликс Кулов “Кыргызстандагы оппозиция: чындык жана келечек” аттуу тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө расмий оппозиция жана өзүнүн макул эместиктерин билдирген кишилердин тобу бар. Мындай жарандар өтө эле көп жана ар бир мамлекетте бар. Эгер калктын 90 пайызына өкмөтү жакпаса да, алар оппозиция боло албайт.

“Биз оппозиция түшүнүгүн парламенттин ичинде жана тышында да мыйзамдаштырууну каалайбыз”, - деди Кулов.

Мисал катары ал шайлоо учурунда байкоочуларды алыш үчүн жалган партиялар түзүлөрүн айтты. Ар түрдүү пайда үчүн партиялар түзүлөт дейт ал. Бирок, мыйзамга ылайык өздөрүн оппозиция деп атагандар аларды угууга кепил болуп бере алат.

“Партиянын расмий укуктары канчалык көп болгон сайын, анын сынынан бийлик ошончолук коркот. Биз партиялык түзүлүшка жардам бере ала турган укуктук маданиятты көтөрүүнү каалайбыз”, - дейт Кулов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД