Машинанын терезесин караңгылатуу маселеси парламентте кайтадан талкуу жаратты

“Караңгылатууга уруксат берүү – коррупция менен күрөшүүнү бир ыкмасы”, - деп Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыш менен күрөшүү комитетинин жыйынында эркин депутат Равшан Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, тийиштүү төлөмдүн негизинде караңгылатууга уруксат берүү керек. “Биз коррупция менен күрөшүүдөбүз деп айтып келебиз, бирок ал үчүн транспорттун айнегин караңгалытууда орун алган коррупциялык чөйрөдө күрөшүү керек”, - дейт Жээнбеков.

КСДП фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев эгер ички иштер министринин машинасынын терезеси караңгылатылган болсо, аны жол көзөмөлдөө кызматынын кызматкери токтото алабы деп суроо салды. Анын айтымында, кээ бир коллегалары караңгылатууга тыюу салуу керектигин айтышууда.

Бирок ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов мыйзам бардыгына бирдей экенин белгиледи. “Биз мамбюджетти караңгылатуудан алган акча менен толуктоого макулбуз. Бирок бизде бир нече анализдер бар. Жыл башынан бери Кыргызстанда 4 миң 572 жол кырсыгы катталган, алардын 826сы өлүм менен коштолгон. 927 жол кырсыгына жаштардын жана өспүрүмдөрдүн тиешеси болгон. Караңгылатуу жолдогу көрүнүүнү начарлатат. Ошондой эле бул ИИМдин кызматкерлерине кылмыштуулук менен күрөшүүдө жолтоо болууда. Анткени караңгылатылган айнектен кимди же эмнени алып бараткандыгын көрүүгө болбойт. Бул куралды ээн эркин алып жүрүүгө мүмкүндүк берет”, - дейт Асанов.

Комитеттин төрагасы Кенжебек Бокоев бардыгы эле караңгылатылган айнек менен жүргөнүн айтты. “Атка минерлер жана депутаттардын 60 пайызы терезеси караңгылатылган машина менен жүрөт”, - деп эл өкүлү аларды мисал келтирди.

Тербишалиев караңгылатууга тыюу салуу боюнча мыйзам 2008-жылы кабыл алынганын бирок, ал иштебей атканын белгиледи. “Өзүн кыйын сезген жарандар караңгылатылган айнек менен мурда кандай жүрсө азыр деле ошондой жүрөт. Аталган мыйзам иштебегенден кийин, тийиштүү төлөм үчүн караңгылатууга уруксат берүү керек. Мисалы 2012-жылы алдыңкы жана капталдагы терезелерди караңгылатуу үчүн болгону 151 гана уруксат берилген. Анын ичинен МУККнын кызматкерлерине 96, ИИМ – 15, Башкы прокуратура – 13, маңзатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына - 8, ИИМ башкы кылмыш иликтөө башкармалыгына – 8, Аскер сотуна – 6, маңзатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү башкы башкармалыгына – 4, Эсептөө палатасына – 1 берилген”,- дейт ал.

Жыйынтыгында караңгылатууга уруксат алуу үчүн 100 доллар төлөө демилгеси комитеттин мүчөлөрү тарабынан жактырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД