Бейөкмөт уюм жок кылынбаган ашыкча бюллетендерге тынчсызданууда

“Континент” типографиясынан табылган 2 миң бюллетень жок кылынбастан сейфтерде сакталууда” , - деп бүгүн демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынан байкоочу Наталья Ульянова маалымат жыйында билдирди.

Ал 16-ноябрда “Континент” ЖЧКсында ашыкча 500 кг шайлоо бюллетендерин жок кылганын белгиледи. “Бирок, 2 миң бюллетенди жок кылуу боюнча эч нерсе айтылган жок”, - дейт ал.

Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова бул бюллетендердин жайылуусунун алдын алуу керетигин белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД