Азиза Абдрасулова: Кыйноого кабылган адамдардын 90 пайызы абактарда

Кыйноого кабылган адамдардын 90 пайызы абактарда. Бул тууралуу 20-ноябрда укук коргоочулардын Бишкек прокуратурасынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда “Кылым шамы” коомдук фондунун директору Азиза Абдрасулова билдирди.

Анын айтымында, жапа чеккендер аларга карата кыйноо болуп аткандыгы боюнча арызды интернет-ресурстарга жазышпайт.

“Биз коомчулукка кыйноолор боюнча прокуратура менен укук коргоо органдары кандайдыр бир чара көрбөгөн учурда гана айтуудабыз”, - деди Абдрасулова.

Ал Кыргызстанда кыйноо фактылар өтө көп экенин кошумчалады.

“Бир гана Бишкектин Свердлов РИИБинде кыйноо боюнча 14 факты бар. Ленин РИИБинде – 7 жана башка РИИБдер өздөрүнүн коллегаларынан калышпайт”, - дейт укук коргоочу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД