Транспорт министрлигинин бюджети 2012-жылы 172 млн сомго кыскарган

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин бюджети 2012-жылы 172 млн сомго кыскарган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында министр Калыкбек Султанов билдирди.

Анын айтымында, үстүбүдөгү жылы Транспорт министрлигине 1,6 млрд ашык сом каралган болчу. “Транспорт министрлиги 1,59 млрд сомго иш аткарды. Булар аңдарды жана капиталдык оңдоо иштери жана жол салуу сыяктуу башка иштер жасалды. Финансы министрлиги бул сумманын 1,2 млрд сомун гана каржылаган”, - деди Султанов.

Финансы министринин орун басары Арзыбек Кожошев транспорт министрлиги үчүн 172 млн сомду табуу каралып атканын белгиледи. “Бардыгы бюджеттин киреше бөлүгүнөн көз каранды”, - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД