“Ак-Өргө” конушунда жана Ленин айылында электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн Бишкектин “Ак-Өргө” конушунда, Гагарин көчөсүнүн өйдө жагы жана Аламүдүн районунун Ленин айылында саат 9.00дөн 18.00гө чейин электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ААКынын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай электр жарыгы Чүй ишканасынын жогорку чыңалуудагы “Мамбетова” жана “Главная” көмөк чордондорундагы оңдоо иштерин жүргүзгөнүнөн улам үзгүлтүккө учуроодо.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД