Минфин жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга үй курууга 600 млн сом бөлүүгө даяр

Жаратылыш кырсыгынан жабыркаган 9 миңдей кыргызстандыктын турак жай куруу үчүн сертификаты бар. Бул тууралуу 20-ноябрдагы Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында мамлекеттик курулуштун өкүлү билдирди.

Финансы министринин орун басары Арзыбек Кожошев бул ишке 1 млрд 871 млн сом керектелерин белгиледи. “Жыл сайын сертификат алгандардын саны өсүүдө, алар үчүн жыл сайын 1 млрд сомдой каражат керек. Биз бюджеттин 600 млн сомдой бөлө алабыз. Бирок, мамлекеттик курулуш бул акчаны да өздөштүрө албай атат”, - деди Кожошев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД