Вице-премьер: Талды-Булак сол жээк кениндеги иштер ноябрдын аягында жанданат

“Алтынкен” кыргыз-кытай компаниясы ноябрь айынын аягында Кыргызстандагы Талды-Булак сол жээк ири алтын кениндеги инфраструктуралык курулуш иштерин жандандырат. Бул тууралуу экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, өкмөт “Алтынкен” ЖЧКнын жетекчилиги менен сүйлөшүп, жергиликтүү тургундар менен тил табышууга чакырган.

Сарпашев компания менен жергиликтүү тургундар кыргызстандыктардын жана кытай жарандарын жумушка орноштуруу боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишкенин белгиледи.

“Алтынкен” компаниясы жергиликтүү тургундардын жүйөлөрү менен толук макул болушту. Кытай инвесторлору жергиликтүү тургундарды жумуш орду менен камсыз кылууну мойнуна алды. Мындан ары алар 50/50 болот. Ошондой эле инвесторлор аталган айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө жардам берет”, - дейт Сарпашев.

Вице-премьер Талды-Булак сол жээк алтын кенинде экологияга байланышкан көйгөйгөр көп экенин, өзгөчө уулуу заттарды сактоочу жай жана кендин иштетүүгө жараксыз катмары боюнча экенин белгиледи.

“Ушул себептен улам жумушчу топ “Алтынкен” компаниясынын ишмердиги боюнча дыкат текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Күн сайын алар 4 сааттан жыйын өткөрүп, ал жерде адистер аталган кенде келип чыккан көйгөйдү чечүү жолдорун табууга аракет кылууда”, - деди Сарпашев.

Эске салсак, 24-октябрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен чыңалган абалды чечүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына “Кыргызалтын” ААКынан, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттиги жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча маминспекциясынын өкүлдөрү кирген.

21-октябрда Талды-Булак сол жээк кенинде 5 кыргызстандык жумушчу ур-токмокко алынган. Райондук ооруканага болгону 4 адам гана кайрылганын жана аларбаш сөөгүнөн жарат алганын тастыктаган.

22-октябрда 450дөй жергиликтүү тургун Орловкада митингге чыгып, кенге барчу жолду тосуп, кытайлык Zijin Mining компаниясынын ишин токтотуусун талап кылышкан. Ошол эле күнү кытайдын бардык жарандарын коңшу районго алып кетишкен. Бардык иштер убактылуу токтотулган.

Алтын кенин иштетүү 2014-жылга пландалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД