Шайлоочуларды сатып алгандыгы үчүн “Республиканы” шайлоодон четтетиши мүмкүн

Боршайком төрагасынын орун басары Гүлнара Журабаева “Республика” партиясы шайлоочуларды сатып алып аткандыгы тууралуу арыздар түшүп атканын “ВБ”га билдирди.

Журабаева атаандаш партиялардын биринин мүчөсү шайлоочуларды сатып алуу боюнча билдирген: ипподромдо ат чабыш учурунда жарандарга акча таратылган имиш.

Эске салсак, 17-ноябрда “Республика” партиясы өзүнүн үгүт иштеринин алкагында “Ак-Кула” ат майданында ат оюндарын уюштурган.

БШК төрагасынын орун басары бул маселени комиссиянын мүчөлөрү жакын арада карай турганын билдирди.

Журабаева “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамдын 28-беренесинин 3 пунктуна таянуу менен шайлоолочуларды сатып алууга тыюу салынганын эскертти. Ал ошондой эле шайлоочуларды сатып алуу “Республиканы” шайлоо алдындагы атаандаштыктан четтетүүгө шылтоо болушу мүмкүндүгүн билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД