“Тазалык”: Жолдорго 388 тонна кум чачылды

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын директор орун басары Токтобек Элгондиев ишкана жолду кардан жана тайгалактан тазалоого жетишип атканын “ВБ”га берген маегинде билдирди.

“Эгер шаарды аралап баса турган болсоңуз: ар бир көчөнүн кесилишинен, ар бир аялдаманын жанында төгүлгөн кумду көрөсүз. Биз албетте иштеп атабыз”, - дейт орун басар.

Ал мекеменин кызматкерлери кечээ саат таңкы 7.00дөн баштап иштегенин айтты. Машина өтчү жолго 388 тонна кум жана 20 тонна техникалык туз чачылган. Ал ишке 15 кум чачкыч, самосвал жана эки трактор тартылган.

“Бизде график бар. Ал жерде машина кайсыл жакка саат канчада чыгып аткандыгы жазылган. Текшерип көрсөңөр болот. Жолду тазалоо үчүн бригада түнкүсүн да чыгып атат. Бул учурда жол кыймылы анчалык көп болбойт”, - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД