Депутаттар парламенттин бюджети жөнүндөгү маалыматка капа болушту

Арнамысчы Токон Мамытов эл өкүлдөрүнүн айлыгы канча экенин жарыялоо керектигин айткан социал-демократ Данияр Тербишалиевди колдоого алды.

“Мен биздин айлык акы тууралуу чындыкты айтуу боюнча анын сунушун колдойм, мында эч кандай деле сыр жок”, -дейт Мамытов. – 120 депутаттан башка бизде дагы айлык алган аппараттын кызматкерлери, техникалык кызматкерлер бар. Албаган 6 млн сом үчүн бизге каалагандын баары жалаа жаап атат”, - дейт ал.

Аны социал-декмократ Эркингүл Иманкожоева колдоого алды. Ал андан коммандировка үчүн кишилер көп суранарын белгиледи. Иманкожоева коомчулукту чаташтыруунун кажети жоктугун айтып эл өкүлдөрүнүн айлыгы канча экенин шайлоочуларга айтуу керектигин билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД