Тоноочулук фактысын иликтеген комиссия ишинин жыйынтыгын билдирүүгө ниеттенүүдө

2010-жылдагы тоноочулук фактысын иликтеген убактылуу комиссия төрагасы “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында комиссиянын отчетун угуу керектигин билдирди.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өз кезегинде бүгүн палатада депутаттар убактылуу комиссиянын документи менен тааныш болбогондуктан отчетту карай албастыгын айтты. Депутаттарга дагы деле тоноо фактысын иликтеген комиссиянын отчету бериле элек экен.

Ошондой эле Текебаев бүгүн бардыгын өзүнүн брифингине чакырып, ал жерде убактылуу комиссия бардык фактылар боюнча өз ишин аткара албагандыгын жана өз ишмердиги тууралуу отчетту мөөнөтүнөн мурда билдирүүнү пландап атканын айта тургандыгын билдирди.

Текебаевди “Ата Мекен” фракциясынан вице-спикер Асия Сасыкбаева колдоду. Ал брифингде алардын айта турган жана көргөзө турган нерселери бар экенин айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД