Бишкек Жылуулук электр борборуна газ берүү токтотулду

Бишкек Жылуулук электр борборуна (ТЭЦ) өткөн жумадан бери жаратылыш газын берүү токтотулду. Учурда ТЭЦ мазут менен иштеп атат. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Абдылда Исраилов Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, “Кыргызгаз” ААКысы газды берүүнүн токтотулушун газтранспорттук системасындагы басымдын төмөндөп кетиши менен түшүндүргөн. Газдын качан берилери белгисиз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД