Билим берүү мекемелеринин атайын каражатына болгон салык 1-январдан тарта жоюлат

2013-жылдын 1-январынан тарта билим берүү мекемелеринин атайын каражатына болгон салык жоюлат. Бул тууралуу “КР ЖОЖдорундагы билим алуунун жогорку акысын белгилөө: оң жана терс аспектилери” аттуу тегерек столдо депутат Элмира Иманалиева билдирди.

Анын айтымында, бул билим алуунун наркына таасир бериши керек. “Жөнөкөй жашоочу салыктарды жойгондон кийин билим алуунун наркы түшөт деп ойлойт. Жогорку жана кесиптик окуу жайдын жетекчилиги бул тууралуу ойлонушу керек”, - дейт Иманалиева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД