Сот мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировду актады

Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров ага карата коюлуп аткан айыптар боюнча акталды. Анын жардамчысы Тахир Мирзаахмедов жапа чеккен Александр Ангелид эпизоду боюнча коррупциялык айыптоодон акталып, бирок “Алдамчылык” беренеси боюнча айыптуу деп табылды. Мындай чечимди бүгүн Биринчи Май райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова чыгарды.

Ал Мирзаахмедовго алдамчылык айыбы боюнча тергөө органынын бир да далили жок экенин белгиледи. “Сабировдун өз жардамчысынын эмне кылып аткандыгын жөнүндө билбөөсү чындык деп табылды”, - дейт ал.

Чечимде айтылгандай Мирзаахмедовдун италиялык компаниянын өкүлүнөн 5 миң доллар алуу аракети алдамчылык деп табылган. Аны алты жыл катуу кайтаруудагы колонияга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарды.

Эске салсак, 5-июлда МУККнын кызматкерлери социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировду эларалык бала асырап алуу боюнча иштеген италиялык уюмдан чоң суммадагы пара алды деген шек менен кармаган.

4-июль күнү пара алып аткан жеринен анын жардамчысы Тахир Мирзаахмедов кармалган. Ал сурак учурунда акча министрге бериле турганын айткан.

25-августта Бишкек шаардык соту экс-министрди жети депутаттын кепилдиги менен тергөө абыганын чыгарган.

5-сентябрдан баштап Сабировдун ишин аныктоо үчүн сот иши башталган.

3-октябрда сот жыйынында Мирзаахмедов көрсөтмөсүн өзгөрткөн. Ал акча Сабировга берилбей турганын айта баштаган.

Мамлекеттик айыптоочу Асаналы Иманбеков соттон Сабировду 15 жылга эркинен ажыратууну жана бардык мүлкүн конфискациялоону талап кылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД