Кыргызстанда 2012-жылдын башынан бери өзгөчө кырдаалдан 30 киши каза болгон

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдан 30 киши каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери өлкөдө 420 өзгөчө кырдаал катталган. Анын ичинде жаратылыш кырсыгы – 369, техногендик – 30 жана биолого-социалдык мүнөздөгү 21 кырсык катталган.

“ӨКМнын алдындагы куткаруу кызматы тарабынан 407 адам өмүрү куткарылган. Алардын 151 жол кырсыгы учурунда, 256сы экстремалдык абалда. 330 жабыр таркандарга алгачкы медициналык жардам көргөзүлгөн. Ошондой эле кургак тамак 250 муктаж болгондорго жеткирилген. Камалып калган 1000дей кишиге да жардам көрсөтүлгөн”, - деди Алимбеков.

Өз кезегинде ӨКМнын Чүй облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Турусбек Сейдекеримов 10 ай ичинде өзгөчө кырдаал Чүй облусуна 10 млн сомдон ашуун зыян алып келгенин кошумчалады. Алардын көпчүлүгү селден улам келген.

“Бул жылы ӨКМнын кызматкерлери өзгөчө кырдаалда азайтканга аракет кылат. Калктын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүүдө. Жергиликтүү бийлик жана тийиштүү курам менен иштер жүрүүдө”, - дейт Сейдкеримов.

Ал ӨКМнын кызматкерлерине менен элге Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуулары бир топ кыйынчылык жарата турганын кошумчалады.

“Бардык министрликтер өзгөчө кырдаал учурунда алардын алдына коюлган милдеттерди аткарап деп ишенебиз”, - деди Сейдкеримов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД