Үч эмдин энеси жарым миллион сом жана үй алууга сертификат алды

Бүгүн Бишкек шаар мэри Иса Өмүркулов август айында үч эм төрөгөн Мунара Сейитбековага муниципалдык үй алуу үчүн сертификат тапшырды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сейитбекованын үч эмден башка 1 жаш 10 ай болгон улуу кызы бар, бирок аялдын Бишкекте үйү жок.

“Жобого ылайык биз үч эм төрөгөндөргө үй беребиз. Бул абдан жакшы”, - деди Өмүркулов.

Ошондой эле Сейитбековага президенттин атынан 500 миң сом тапшырышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД