Нурмамат Ашимов: “Республика” мыйзам бузган эмес

“Ак-Кула” ат майданында ат оюндарын уюштурган “Республика” партиясы мыйзам бузган эмес. Мындай пикирин БШКнын мүчөсү Нурмамат Ашимов “ВБ”га берген маегинде белгиледи.

Ал материалдык жана руханий байлыкты айрып билүү керектигин айтат.

“Ат чабыш – бул оюн. Жарандар андан материалдык эмес, рухани пайда алды. Андыктан муну шайлоочуларды сатып алуу деп айтууга болбойт”, - деди БШКнын мүчөсү.

Анын айтымында, акысы төлөнгөн ипподромго ат чабышты көрүүгө келген жарандарга акысыз кызмат көрсөтүү болуп саналбайт, эгер андай болгондо мыйзам бузуу болмок.

Эске салсак, Боршайкомдун төрага орун басары Гүлнара Журабаева шайлоочуларды сатып алгандыгы үчүн “Республика” партиясы шайлоо алдында шайлоодон четтетилиши мүмкүндүгүн “ВБ”га билдирген. Атаандаш “Транспортчулар партиясынын” мүчөлөрү ага “Ак-Кула” ат майданында болгон ат оюндары учурунда жарандарга акча таратылгандыгын айткан. Бирок, бул фактынын карап, БШК партияны шайлоодон четтетпестен, ага эскертүү берди. Өз кезегинде “Республиканын” өкүлдөрү шайлоо алдындагы үгүт иштеринде мыйзам бузуу болбогонун айтышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД