Чүй районундагы жол кырсыктан жөө адам каза болду

Чүй районундагы жол кырсыгынан жөө адам каза болду. Бул тууралуу Чүй ИИББдин басмасөз кызматы билдирди.

Жол көзөмөлдөө кызматынын инспекторлорунун айтымында, Токмок-Кошой трассасында “Мерседес” үлгүсүндөгү машинаны айдап келе жаткан Чүй айылынын 30 жаштагы тургуну жолду кесип өтүп бараткан эркекти сүзүп кеткен. Алган жаратынан улам кырсык болгон жерден Токмок шаарынын 43 жаштагы тургуну каза болгон.

Жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД