Бишкектин тургуну өз ыктыяры менен милицияга тапанчасын өткөрүп берди

Бишкектин тургуну тапанчасын милицияга өткөрүп берди. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирди.

“Арсенал” рейди учурунда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери борбор калаанын 40 жаштагы тургунунун артынан түшүшкөн. Тыңчылардын маалыматына ылайык, ал киши каттоого алынбаган куралды үйүндө сактаган. Тартип сакчылары менен болгон сүйлөшүүдөн соң куралдын ээси Германия өндүрүшүнөн чыккан тапанчаны өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

Алдын ала иликтөөлөргө караганда ал куралды Ысык-Ата районунан Чоң Чүй каналынын (БЧК) жээгинен таап алган жана өзүндө калтырууну чечкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД