Футзал: Казакстандын чемпионатында “Дордой” “Аятка” чоң айырма менен утулду

Кыргызстандын чемпиону “Дордой” Казакстандын футзал боюнча алтынчы чемпионатында “Аят” командасына чоң айырма менен утулуп калды.

Казак ЖМКлары билдиргендей, Дордой 2:7 эсебинде утулуп калган. Биринчи таймда кыргызстандыктар 1:2 эсебинде утулган. Бирок экинчи таймда 5 гол киргизип жиберишкен. Голду казакстандык Каниет Аралбаев менен Ербол Мадьяров киргизген. Каршылаш команданын чабуулчусу Станислав Арсланов 4 гол киргизип өзгөчөлөнгөн.

Бүгүн, 22-ноябрда командалар экинчи матчты ойношот.

Эске салсак, Казакстандын чемпионатындагы турнирдик таблицада “Дордой” 10 команданын ичинде 7-орунда турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД