Курманбек Осмонов: Мыйзам боюнча Элдар Мадылбеков бошотулушу керек болчу

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар мыйзам боюнча Жогорку сот андай токтом кабыл алгандан кийин үй камагына чыгарылышы керек болчу. Бул тууралуу “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов билдирди.

Эскертсек, Жогорку сот Элдар Мадылбековду үй камагына чыгаруу боюнча баш коргоо чарасын өзгөрткөн. Адвокатынын көзөмөл арызы канааттандырылган. Сот чечимин өзгөртүүгө Элдар Мадылбековдун өздүгү толугу менен аныкталгындыгы, анын үй-бүлөсү бардыгы, анын багуусунда аялы жана эки кичинекей (2006 жана 2011-жылы туулган) баласы болгону жана анын туруктуу жашай турган жери бар экени негиз болгон.

Ушундай жагдайда сот коллегиясы Мадылбековдун тергөө же сот ишинин адилеттүү тергөөлүсүнө тосколдук жаратууга жана кылмыш менен алектенүүсүнө негиз жоктугуна себеп тапкан эмес.

Кийин белгилүү болгондой, Биринчи Май райсотунун 2012-жылдын 10-ноябрында чыккан дагы бир токтому бар болгон. Ал Элдар Мадылбековду 2013-жылдын 15-январына чейин камакта калтыруу тууралуу токтом болгон.

Осмоновдун айтымында, баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Жогорку Соттун чечими даттанууга жатпайт. “Жогорку сот баш коргоо чарасын үй камагына алмаштырып атып: Мадылбековдун гепатит менен ооруй турганын жана аны үй камагына чыгарып соттук ишти аягына чыгарууга анын мүнөзү туруктуу экенин белигилеп далилдүү негиз келтирген”, - деди Осмонов.

Ал Кыргызстандын мыйзамдары жетиле эектигин кошумчалады. “Аны чечмелөөдө Башкы прокуратура менен соттордун ортосунда карама-каршылык чыкты”, - дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД