Мурдагы шаар тибиндеги айылдын мугалимдери кошулган тийиштүү акчаны алалбай атат

Шаар тибиндеги бир катар айылдар шаарга айлангандан кийин ал жакта иштеген мугалимдер айлыгына кошулган тийиштүү миң сомду алалбайт атат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Улукбек Кочкоров билдирди.

Анын айтымында, ага дайыма чакан шаардын педагогдору кайрылууда.

“Мугалимдерди каржылоо керектүү деңгээлде болбой атат, аткени жергиликтүү бюджетте каражат жок”, - дейт Кочкоров.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД