Эксперт: Кыргызстандагы дарылардын 95 пайызы сырттан келет

Кыргызстанга дарылардын 95 пайызы чет элден келет. Бул тууралуу дары-дармекке байланышкан тегерек столдо “Сорос-Кыргызстан” фондунун “Коомдун саламаттыгы” программасынын координатору Илимбек Садыков билдирди.

Дары жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинин директор орун басары Жаңыл Жусупованын айтымында, Кыргызстанда ата мекендик эки гана өндүрүүчү бар. Алар 39 аталыштагы лицензиялык дары-дармектерди чыгарат. Бирок алар негизинен чогултулган дары.

“Бул илимди талап кылбаган препараттар. Жапайы өсүмдүктөрдүн сырьесу азайгандыктан өндүрүш көлөмү да азаюуда. Революциядан кийин эларалык деңгээлге чыгууга даярданып аткан жалгыз фармзавод жабылып калды. Калгандарынын андай деңгээлге чыгуусуна көп бар”, - деди Жусупова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД