Элмурат Обдуновдун иши боюнча парламентте комиссия түзүлдү

Бүгүн парламентте “Республика” фракциясынын депутаты Элмурат Обдуновдун иши боюнча комиссия түзүлдү.

Комиссияга ар бир фракциядын бирден депутат кирди. КСДП фракциясынан Ыргал Кадыралиева, “Ар-Намыстан” – Абдырахман Маматалиев, “Ата-Журттан” – Абдумиталип Кочкорбаев, “Ата Мекенден” – Гүласал Садырбаева жана “Респубдликадан” – Абдыжапар Бекматов кирди.

Эске салсак, кечээ Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын депутаты Элмурат Обдуновга карата кылмыш иши козголгонун билдирген. Башкы прокуратура Обдуновго кылмыш ишин козгоо боюнча парламенттин макулдугун алуу боюнча көрсөтмө киргизди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД