Шайлоочуларды сатып алуу боюнча күрөштү милиция жана атайын кызматка тапшырышты

“Азырынча шайлоочулардын добушун сатып алууга болгон аракеттер тууралуу гана маалыматтар түшүүдө. ИИМге мындай аракеттердин алдын алуу боюнча топ түзүү тапшырылды”, -деп БШК мүчөлөрү жана үй башчылары менен болгон жолугушууда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.

Анын айтымында, атайын кызматка дагы кимдер сатып алууга аракет кылып атканын аныктоо тапшырылды. “Эгер талапкер акчага бардыгын сатып алуу болот деп ойлосо, ошондой эле шайлоочуларды дагы, анда ал өлкөнү да сатып ийиши мүмкүн”, - деди вице-премьер.

Эске салсак, кечээ БШК шаардык кеңешке ат салышып аткан патиялардын биринин “Республика” партиясы шайлоочулардын добушун сатып алууда деген билдирүүсүн тараткан. Кечинде БШК өз жыйынында “Республикага” эскертүү берүүнү чечкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД